Кен казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси Мамлекеттик ишканаларда

Чүй өрөөнү
Кен казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси Мамлекеттик ишканаларда
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2023-жылдагы Кен казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси (КТАД)нин  эл аралык талаптарына жана тоо-кен тармагындагы мамлекеттик ишканалардын жаңы милдеттенмелерине арналган семинар болуп өттү. 

Иш-чара министрликтин, Кен казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси (КТАД) катчылыгынын, тармактагы алдыңкы мамлекеттик компаниялардын, ошондой эле Дүйнөлүк банктын консультанттарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун башкы максаты мамлекеттик компаниялар 2023-жылдагы өндүрүш тармагындагы ачык-айкындуулук демилгесинин стандартына ылайык коомчулукка кандай маалыматтарды ачыкка чыгарышы керектигин жана бул талаптар улуттук мыйзамдарга кантип интеграцияланарын аныктоо үчүн уюштурулган. 


Катышуучулар ведомстводогу ачыктыкты, анын ичинде финансылык документтерди, мамлекеттик үлүштөргө ээлик кылуу шарттарын, квази-фискалдык чыгымдар боюнча маалыматтарды, менчик түзүмүн жана бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты кеңири талкуулашты. Мекемелердеги  каржылык тармактагы жеткирүүчүлөр жана сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга арналды — бул фактор  тоо-кен тармагындагы ачыктыктын негизги элементтеринин бири.


Спикерлер Кыргыз Республикадагы Кен казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси (КТАД)  стандарттарын жөнгө салуу боюнча, укуктук талдоо жана Кыргызстандын стандартына толук шайкеш келтирүүгө тийиш болгон ченемдик-укуктук базага киргизиле турган түзөтүүлөрдүн долбоорун сунушташты. 


Мамлекеттик компаниялар аудиттен өткөн финансылык отчеттуулукту, карыздар жана кепилдиктер жөнүндө маалыматты, бөлүштүрүлбөгөн пайданы, мамлекет менен болгон акча которууларды, ошондой эле чийки затты сатуу, квази-фискалдык чыгымдар жана социалдык милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды жарыялоого милдеттүү экени белгиленди.


Иш-чаранын жүрүшүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду — аларды түзүмдөрүнө, жарандарга түшүнүктүү форматтарда жарыялоо зарылдыгы, коомчулукка, аналитиктерге жана ЖМКга бул маалыматты колдонууну жеңилдетүү маанилүү экенин баса белгилешти. 

Эксперттер мамлекеттик ишканалардын ачык-айкындуулугу туруктуу башкаруунун эң маанилүү элементи экенин айта кетишти, анткени мамлекеттин кирешесинин олуттуу бөлүгү тоо-кен тармагында дал ушул МИ аркылуу түзүлөт. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, ачык маалыматтар коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга, корпоративдик башкарууну жакшыртууга жана мамлекеттик секторго болгон ишенимди жогорулатууга жардам берет. 


Жолугушууда Индонезия, Филиппин, Украина, Монголия жана Казакстандан келген ийгиликтүү моделдер көрсөтүлдү — маалыматты системалуу ачыктоо отчёттуулукту жогорулатууга жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү боюнча жакшы мисал боло алат.


Семинардын жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстанга мамлекеттик компаниялардын үзгүлтүксүз жарыяланып туруучу маалыматтарынын тизмесин кеңейтүү, каржылык агымдардын жана сатып алуу ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, ошондой эле коррупцияны азайтуу максатында тоо-кен тармагында туруктуу ачык маалыматтар инфраструктурасын түзүү зарыл деген бирдиктүү пикирге келишти. 

Бул Кен казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси (КТАД) боюнча өлкөнүн баасын жогорулатуу жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди бекемдөө үчүн маанилүү кадам болот.