Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев тоо-кен ишканалары менен жумушчу кеңешме жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Чүй өрөөнү
Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев тоо-кен ишканалары менен жумушчу кеңешме жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү

2024-жылдын  8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Сапаралиев Хайдаркан сымап комбинатынын лицензиясын сактап калуу үчүн акы төлөө жана "Кумтөр Голд Компани" ишканасынагы өндүрүштүк процесстерди киргизүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча кен казуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Ошондой эле республиканын тоо-кен өнер жайын өркүндөтүү  жана өнүктүрүү маселелери каралды.
А.Сапаралиевден тышкары  министрликтин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда ал «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолуп, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын аймактык инспекторлорунун аймактарда ишин күчөтүү тууралуу сөз кылды.
Ошондой эле, таштанды таштоочу жайларды инвентаризациялоону тапшырып, аймактарда ишти күчөттүү азыркы күндүн башкы талабы экенин белгиледи. Ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик потенциалы тууралуу презентация жасалды.