Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Самарканд шаарында өткөн Глобалдык экологиялык фонддун Ассамблеясына катышты

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Самарканд шаарында өткөн Глобалдык экологиялык фонддун Ассамблеясына катышты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү Самарканд шаарында өткөн Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) VIII Ассамблеясынын делегация башчыларынын пленардык жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытындагы Кыргызстандын стратегиялык артыкчылыктарын тааныштырды. Өзгөчө көңүл климаттык кризистин кесепеттерине эң көп дуушар болуп жаткан тоолуу мамлекеттерди колдоо маселелерине бурулду.

Министр Акыл Токтобаев ГЭФтин түзүмүндө атайын максаттуу «тоолуу өлкөлөр үчүн терезе» түзүү демилгесин көтөрдү. Бул механизм тоолуу мамлекеттердин гранттык каржылоого, заманбап технологияларга жана туруктуу өнүгүү жаатындагы натыйжалуу чечимдерге жетүүсүн жеңилдетмекчи.

«Биздин тоо экосистемаларыбыз климаттык кризистин соккусун биринчилерден болуп кабыл алууда. Ошондуктан Тянь-Шань тоолорун сактоо – бүткүл аймактын коопсуздугу үчүн маанилүү маселе», – деп белгиледи Акыл Токтобаев.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө министр Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан негизги экологиялык реформаларды жана демилгелерди тааныштырды. Алардын катарына биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жаңыланган Улуттук стратегиянын жана иш-аракеттер планынын алкагында Улуттук экологиялык каркасты киргизүү, «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу, 2035-жылга чейинки Калдыктарды башкаруу стратегиясын аткаруу, ошондой эле экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү кирет.

Иш-чаранын соңунда министр эл аралык өнөктөштөрдү, донордук уюмдарды жана экологиялык коомчулуктун өкүлдөрүн 2027-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасында өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Бул саммит мөңгүлөрдү коргоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана экология менен климат жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү эл аралык аянтча болот деп күтүлүүдө.