Бишкекте радиологиялык коопсуздук боюнча Программа болуп өттү

Чүй өрөөнү
Бишкекте радиологиялык коопсуздук боюнча Программа болуп өттү

2025-жылдын 9-июнунан 13-июнуна чейин Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти  жана АКШнын Энергетика министрлигинин Тынч океандын түндүк-батыш улуттук лабораториясынын (PNNL) Улуттук коопсуздук башкармалыгы тарабынан уюштурулган радиологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү программа өттү.

Программанын негизги окуясы 2025-жылдын 10-июнунан 12-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Окуу борборунда өткөрүлгөн радиологиялык коопсуздук боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана жооп кайтаруу семинары (I-RSARex) болду. Ага Департаменттин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери, радиологиялык коркунучтарды баалоо, периметрди коргоо жана инциденттерге жооп кайтаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган теориялык жана практикалык сабактардан өтүштү.

Программанын алкагында Улуттук онкология жана гематология борбору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Республикалык адистештирилген комбинат» жана Кыргыз-Россия Көмүр компаниясынын аймагында жайгашкан «Башкаруу-өлчөө приборлору жана автоматика борбордук лабораториясы» (ОАО «ЦЛ КИПиА») объектилерине барылды. Бул сапарлар радиологиялык объектилердин абалын баалоого, физикалык коргоону чыңдоо боюнча чараларды талкуулоого мүмкүндүк берди.