Жер казынасын пайдалануу тармагында мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн реформалар

Чүй өрөөнү
Жер казынасын пайдалануу тармагында мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн реформалар

Жер казынасын пайдалануу тармагында мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн реформалар

2021–2022-жылдары жер казынасын пайдалануу тармагын жөнгө салуунун негизги мыйзамдык базасы түзүлдү. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-августундагы №92 жана 2022-жылдын 22-июнундагы №47 мыйзамдарына ылайык, мамлекеттин катышуусу бар ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча ченемдер киргизилип, мамлекеттик үлүштүн 30 пайыздан кем болбоо талабы белгиленди.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы №148 токтому менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилип, бул документ мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоонун маанилүү куралы болуп калды.

2021–2024-жылдары жүргүзүлгөн реформалардын негизги максаты — жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик чарба жүргүзүүчү субъекттердин ролун күчөтүү болду. Анын алкагында:

    •    жер казынасын пайдалануу укугу Министрлер Кабинетинин чечими менен уставдык капиталында мамлекеттин 2/3 үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга берүү;

    •    конкурстарда жана аукциондордо мамлекеттин үлүшүн белгилөө механизми киргизилди.

2025-жылдын 30-сентябрына карата мамлекеттик ишканаларга 103 лицензия берилди. Азыркы учурда геологиялык чалгындоо жана изилдөө иштери жүрүп, кендерди өздөштүрүү боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

2024-жылы «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашырууда. Бул максатта 1 млрд сом бөлүнүп, 2024–2025-жылдары анын 72%ы өздөштүрүлдү.

Мындан тышкары, санариптик чечимдерди киргизүү жана маалыматтардын ачыктыгын камсыздоо багытына өзгөчө көңүл бурулууда. 2025-жылы геологиялык архивдик материалдарды электрондук форматка өткөрүүгө каражат бөлүнүп, бул иш-чара бирдиктүү санарип геологиялык маалымат базасын түзүүгө өбөлгө болот.

2025-жылдын 9 айында жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу боюнча жалпы 37 ченемдик укуктук акт жана буйруктардын долбоорлору даярдалып, алардын ичинен 23ү кабыл алынды, 5 документ өнөр жай коопсуздугу тармагына тиешелүү болуп, анын 3ү кабыл алынды, 2си макулдашуу стадиясында турат.