Кыргызстандагы климаттын түрлөрү
12-сентябрь 2023, 15:46

Кыргызстандагы климаттын өзгөчөлүктөрү республиканын Евразия континентинин борборундагы Түндүк жарым шарда жайгашкандыгы, ошондой эле орчундуу суу объекттеринен алыстыгы жана чөлдөргө жакын коңшу болушу менен аныкталат.
Микроклиматтык шарттардын көп түрдүүлүгү бийик тоолуу татаал рельефтер менен шартталат.
Дүйнө жүзүндө көбүрөөк кеңири колдонулуучу климатты классификациялоонун Кёппен-Гейгер системасынын негизинде Кыргызстанда климаттын 11 түрүн бөлүп кароо менен аларды негизги 5 типке топтоого болот:
1. Кургакчыл чөлдүү климат, Ысык-көлдүн батыш тарабына жана Баткен областындагы Фергана өрөөнүнүн төмөнкү аймагына мүнөздүү.
2. Жарым-жартылай кургакчыл же талаа климаты – бул потенциалдуу эвапотранспирациядан (өсүмдүктөр тарабынан атмосферага кайтуучу суунун массасы) төмөн болгон жаан-чачындын жылдык өлчөмүндөгү климат. Мындый климат Чүй, Талас областтарына, Фергана өрөөнүнө, ошондой эле айрым бийик тоолуу ойдуңдарга жана өрөөндөргө, мисалы Токтогул ойдуңуна жана Алай өрөөнүнө мүнөздүү.
3. Нымдуу континенталдык климат, ага жылуу же аптаптуу ысык (жана көп учурда нымдуу) жай жана суук кыш менен ар кандай төрт мезгил жана температуралардын абдан басымдуу болгон мезгилдик өзгөрүүлөрү мүнөздүү келет. Ага Фергана аймагы, Талас тоо кыркаларынын тоо астындагы жана орточо тоолуу аймактары кирет.
4. Жарым бореалдык жана бореалдык климат (түндүк климат) - кышы узакка созулган катаал жана жайы жылуу, бирок ысык эмес, кургакчыл мезгилсиз жетишерлик нымдуу климаты менен мүнөздөлөт. Бул климатка жарым бореалдык жана бореалдык токойлордун (ийне жалбырактуу жана жумшак ийне жалбырактуу тектеги) табигый өсүп чыгуусу мүнөздүү. Буга Фергана өрөөнү, Талас жана Кыргыз тоо кыркалары, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабы кирет.
5. Альпы тундрасынын климаты узакка созулбаган вегетациялык мезгилдеги терс температуралар менен мүнөздөлөт.
6. Альпы тундрасы токой сызыгынын үстүнөн кеткен бийик тоолуу чокуларды, жантайма жана тоо кыркаларын ээлейт. Анын флорасы үчүн жапыз өскөн бадалдар мүнөздүү келет. Мындай климат Тянь-Шандын бийик тоолуу сырттарында өкүм сүрөт.
7. Түбөлүк суук аймак – Чоң-Алай тоо кыркалары, Түндүк жана Түштүк Эңилчек ж.б. алкактардын аймагы.
Климатолог З. Кретованын маалыматтарынын негизинде даярдалды