Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарлар объективге түшүп калды
02-октябрь 2025, 11:33
2025-жылдын сентябрь айында Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында орнотулган фото-капкандар аркылуу бир катар жапайы жаныбарлар объективге түшүп калды. Алардын арасында илбирс, аркар-кулжа, тоо текеси, карышкыр, түлкү жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарлар бар.
Бул мониторинг жаратылыш парктын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаныбарлардын санын илимий негизде байкоо максатында жүргүзүлүүдө. Фото-капкандардан алынган маалыматтар келечектеги экологиялык саясатка жана коргоо чараларына негиз болуп кызмат кылат.
Маалымат үчүн:
Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы 1996-жылы Түндүк-Батыш Кыргызстандын табигый комплексин жана биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган. Парк Талас өрөөнүндө, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Парктын жалпы аянты 13731.5 гектарды түзөт.
Аймагында татаал өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрү кездешет, анын ичинде 28 түрү токой жана бадалдарга тиешелүү. Жаныбарлар дүйнөсү да абдан бай: элик, түлкү, суусар, арыс, чил, илбирс, түркстан сүлөөсүнү, кумай, ителги, көкжору жана башка түрлөр жашайт. Ошондой эле Беш-Таш суусунда сейрек кездешүүчү жилингир балыгы бар.
Жаратылыш паркы жергиликтүү калктын жана чет элдик туристтердин экологиялык эс алуусун да уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт.