“Геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштеринин техникалык долбоорлоруна жер казынасын коргоо бөлүгүндө мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин жана корутундуну аткарууга талаптарды” жана “Техникалык долбоорлорду даярдоо боюнча колдонмону” бекитүү тууралуу

Чүй өрөөнү
“Геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштеринин техникалык долбоорлоруна жер казынасын коргоо бөлүгүндө мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин жана корутундуну аткарууга талаптарды” жана “Техникалык долбоорлорду даярдоо боюнча колдонмону” бекитүү тууралуу

“Геологиялык-изилдөө жана геологиялык  чалгындоо иштерин жүргүзүүгө түзүлгөн техникалык долбоорлоого жер казынасын коргоо багытында мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн  жана корутундуну тариздөө талаптарын тартиптерин” жана “Пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөөдө жер казынасын коргоо боюнча техникалык долбоорлорду түзүүгө методикалык көрсөтмөлөрдү” бекитүү жөнүндө

Приказ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  24-мартындагы № 134-т “2022-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын» тескеменин 410-пунктун аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

  1. № 1 – тиркемеге ылайык геологиялык-изилдөө жана геологиялык  чалгындоо иштерин жүргүзүүгө түзүлгөн техникалык долбоорлоого жер казынасын коргоо багытында мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн  жана корутундуну тариздөөнүн талаптарынын тартиптери бекитилсин.
  2. № 2 – тиркемеге ылайык пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөөдө жер казынасын коргоо боюнча техникалык долбоорлорду түзүүгө методикалык көрсөтмөлөр бекитилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти жана басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий жарыялануусун камсыз кылсын.
  4. Жер казынасын пайдалануу саясатын иштеп чыгуу бөлүмү ушул бекитилген тартиптерди мамлекеттик катоо үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберсин.
  5. Документтик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту Ченемдик-укуктук камсыздоо башкармалыгына, Жер казынасын иштетүү башкармалыгына жана Геология башкармалыгына жеткирсин.
  6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Кыргыз Республкасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директору – А.Ж. Тумановго жүктөлсүн.