Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө

Чүй өрөөнү

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

Кызмат Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык контролдоо мамлекеттик инспекциясынын укук улантуучусу болуп саналат.

2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Кызмат өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана башка уюмдар, Министрликтин борбордук аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.

4. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар. Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.

5. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында жүзөгө ашырат жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.

6. Кызматтын уюштуруучулук-укуктук формасы мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Кызматтын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл боюнча министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы";

- расмий тилде: "Служба экологического и технического надзора при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".

Кызматтын кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде "ЭТКК";

- расмий тилде: "СЭТН";

7. Кызматтын юридикалык дареги: 720055, Бишкек шаары, Горький көчөсү, 142.

2. Кызматтын максаты

8. Кызматтын максаты экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу, ошондой эле көмүрдүн жана отундун сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптар бөлүгүндөгү ченемдеринин жана талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүү болуп саналат.

3. Кызматтын милдеттери

9. Кызматтардын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- экологиялык, биологиялык, химиялык жана радиациялык коопсуздук боюнча, ошондой эле продукцияга (объекттерге) жана/же алар менен байланышкан өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, пайдалануу, сатуу, көмүү, жайгаштыруу жана утилдештирүү процесстерине карата ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана эл аралык макулдашуулардын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;

- кен казуу көзөмөлү, өнөр жайлык коопсуздук, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын, ошондой эле көмүрдүн жана отундун сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык жана техникалык коопсуздукту (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук ) камсыз кылуу;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдер жана макулдашуулар боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо.

4. Кызматтын функциялары

10. Кызмат ишинин белгиленген чөйрөсүндө менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууда алардын ишинде жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, техникалык регламенттердин сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырат:

1) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:

төмөнкүлөрдүн сакталышын белгиленген тартипте көзөмөлдөйт.

- айлана-чөйрөнү коргоону жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууну;

- жер казыналарын пайдалануучулар тарабынан жер казыналарынын сарамжалдуу пайдаланылышын жана корголушун;

- жаратылыш коргоо мыйзамынын, жаратылыш пайдалануунун белгиленген эрежелеринин, лимиттеринин, квоталарынын жана ченемдеринин, булгоочу заттарды чыгаруунун жана агызуунун жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө калдыктарды жайгаштыруунун ченемдеринин;

- жапайы жаныбарларды атууга, балык запастарын уулоого, алгыр канаттууларды кармоого белгиленген лимиттердин, квоталардын;

- жапайы өсүмдүктөрдү чогултууга уруксат берүүнүн белгиленген лимиттеринин;

- бак дарактарды кыюуга уруксат берүүнүн белгиленген лимиттеринин;

- балык уулоо жерлеринде өндүрүштүк балыктарды, балык уулоо куралдарын, уруксаттарды жана эсепке алуу документтерин эсепке алуунун, балык запастарын пайдалануунун жана көбөйтүүнүн;

- болжолдогон иштин милдеттүү мамлекеттик экологиялык экспертизасын өткөрүү талабынын жана анын шарттарын аткаруунун,

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча пландарды жана иш-чараларды ишке ашыруунун;

- айлана-чөйрөнү коргоого тиешелүү лицензиялык жана келишимдик шарттардын;

- иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашырууда экологиялык талаптардын жана эрежелердин;

- экологиялык уруксат берүүлөрдө белгиленген жаратылышты пайдалануу шарттарынын;

- өндүрүштүк экологиялык контролду, мониторингди ишке ашыруунун жана анын натыйжалуулугунун;

- экологиялык камсыздандыруу боюнча талаптардын;

- айлана-чөйрөнүн булганышынын кесепеттерин жоюу боюнча чаралардын;

- жер казынасын пайдалануу боюнча операциялар же башка бузуучу процесстер жана жумуштар аяктагандан кийин бошотулган жерлерди Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык андан ары пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүнүн;

- курчап турган чөйрөнү коргоо, жардыруу иштерин жүргүзүү, топтогучтарды, шлам калдыгын сактоо жайларын, террикондорду, жараксыз катмарларды, таштандыларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле геологиялык чалгындоо иштерин, мал айдоону жана жаратылыш комплекстерине таасир тийгизүү менен байланышкан башка иштерди жүзөгө ашыруу; өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, алардын өсүшүнүн стимуляторлорун, минералдык жер семирткичтерди, башка химиялык заттарды, препараттарды, анын ичинде экономиканын айрым тармактарында колдонууга уруксат берилген радиоактивдүү заттарды ташуу, сактоо жана колдонуу; жаратылыш коргоо курулмаларын эксплуатациялоо боюнча талаптардын;

- кооптуу өндүрүш объекттерин курууда, кеңейтүүдө, реконструкциялоодо, техникалык жактан кайра жабдууда, эксплуатациялоодо, консервациялоодо жана жоюуда, кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү даярдоодо, монтаждоодо, жөндөөдө, тейлөөдө жана оңдоодо, кооптуу өндүрүш объекттеринде кооптуу заттарды ташууда өнөр жай коопсуздугунун жана кен казуу көзөмөлүнүн талаптарынын;

- пайдалуу кендерге чалгындоо жүргүзүүдө жана иштеп чыгууда жана иштелип чыккан жер алдындагы казылмалардын жана табигый жер алдындагы боштуктарды чарбалык муктаждыктар үчүн пайдаланууда маркшейдердик жана геологиялык иштерди (коопсуздукту камсыз кылуу бөлүгүндө) жүргүзүүнүн эрежелеринин;

- басым алдында иштеген (а.и. электроддук) буу казандарын жана идиштерди, суу ысыткыч казандарын, газдаштырылган казандарын, буу жана ысык суу өтүүчү I, II, III категориядагы түтүктөрдү, нефтепродуктулар менен газдарды сактоочу жана берүүчү техникалык каражаттар менен жабдууларды, шаарлардагы, шаар тибиндеги поселкалардагы жана айыл жерлериндеги газ менен камсыздоочу системаларды, ошондой эле аммиак, суюк хлор, табигый жана суюлтулган (пропан-бутан) газдарды сактоого, ташып-жеткирүүгө жана пайдаланууга байланышы бар объектилерде иш жүргүзүүлөрдө, баллондорду кычкылтек, көмүр кислотасы, аргон, ацетилен менен толтуруучу станцияларды, суутек станцияларын, металлдарды газ жалыны менен иштетүүчү постторду, стационардык орнотулган жүк көтөргүч механизмдерди, лифттерди (аз жүк көтөрүүчүлөрдөн башкасын), аттракциондорду (механикалаштырылган), эскалаторду, фуникулерду, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу асма жолдорду жасап чыгарууда, курууда, диагностикалоодо, реконструкциялоодо, монтаждоодо, ишке киргизүү-жөнгө салууда, оңдоодо жана пайдаланууда коопсуздук боюнча талаптардын;

2) төмөнкүлөрдү контролдоону жүргүзөт:

- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө булгоочу заттардын чыгарылышын жана агызылышын тазалоо үчүн курулмаларды, жабдууну жана аппаратураны куруу жана аны эксплуатациялоого киргизүү, булгануу булактарын чыгарууларды жана агызууларды контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлор менен жабдуу, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде баалуу, ошондой эле жоголуп кетүү коркунучунда турган жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген объекттерин коргоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү боюнча чаралардын аткарылышын;

- токойлорду сактоону жана көбөйтүүнү, токой чарбасын жүргүзүүнү, токой ресурстарын эсепке алууну, токой ресурстарын коргоону, пайдаланууну жана көбөйтүүнү, кыюуну, токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден жана токой чарбасына зыян келтирүүчү башка аракеттерден коргоону;

- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоону;

- аңчылык ресурстарын сактоону, аларды көбөйтүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну, аңчылыкты ишке ашырууну, аңчылык ишин жана биотехникалык иш-чараларын жүргүзүүнү;

- жаратылышты коргоо курулмаларынын жана түзүлүштөрүнүн абалын жана ишинин натыйжалуулугун;

- жаратылыш объектилерин кайра түзүү жана ландшафттарды калыптандыруу менен байланышкан чарбалык иште атмосфералык абаны, токой ресурстарынын сарамжалдуу пайдаланылышын;

- өндүрүш жана керектөө калдыктарынын жайгаштырылышын;

- тазалоочу курулмаларынын жана түзүлүштөрүнүн абалын жана ишинин натыйжалуулугун;

- булгоо булактарынын чыгарууларды жана агызууларды контролдоону жана жөнгө салуучу аспаптар менен жабдылышын;

- көмүрдүн жана отундун сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптарды;

- жер кыртышы бузулган жер участокторун рекультивациялоону, радиациялык булганууну пайда кылуучу процесстердин алдын алуу жана жоюуну, кыртышты өндүрүштүк калдыктар, уулуу химикаттар жана башка химикалык (анын ичинде радиоактивдүү) заттар менен булгануудан, курулушта, кен казып алууда, изилдөө иштерин жүргүзүүдө жерлерди башка зыян келтирүүлөрдөн коргоо боюнча долбоорлорду жана иш-чараларды;

- радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын, эрежелердин, ченемдердин жана нускамалардын сакталышын;

- экологиялык талаптарды аткаруу бөлүгүндө радиоактивдүү жана башка кооптуу заттар, калдыктар менен иштөөнү;

- иондоштуруучу нурлануунун булактарын, анын ичинде өндүрүштүк, генерациялоочу булактарды;

- радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларда жана кендин иштетүүгө жараксыз катмарларында, ошондой эле иондоштуруучу нурлануунун булактарын жайгаштырууда жана эксплуатациялоодо радиациялык жана ядролук коопсуздуктун талаптарынын сакталышын;

- радиоактивдүү материалдарды, рудаларды жана буюмдарды эсепке алууну, өндүрүүнү, сактоону, пайдаланууну, ташууну, кайра иштетүүнү, көмүүнү;

- атмосфералык абаны коргоонун, анын ичинде транспортту жана башка кыймылдоочу каражаттарын эксплуатациялоого чыгарууда жана эксплуатациялоодо, коргоонун регламенттеринин, ченемдеринин, эрежелеринин жана башка талаптарынын сакталышын;

- курчап турган чөйрөнү коргоо органдарына озонду бузуучу заттардын жүгүртүлүшү жана көлөмү жөнүндө маалыматтардын берилишин;

- жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүүнүн талаптарынын сакталышын;

- уюмдардын, тоодогу куткаруучу, газдан сактоочу жана фонтандарга каршы түзүлүштөрдүн, кырсыктан сактоо кызматтарынын мүмкүн боло турган кырсыктардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын;

- жардыруу иштеринде пайдаланылуучу өнөр жайлык жардыргыч материалдарды, жабдууну жана приборлорду иштеп чыгууну, даярдоону, сыноону, сактоону, эсепке алууну, пайдаланууну жана жок кылууну;

- жер алдындагы транспорттук жана гидротехникалык объекттердин курулушун жана эксплуатациясын, калдык, гидроташтанды жана шлам чарбасынын эксплуатациясын;

- өнөр жай коопсуздугунун ведомстволук кызматтарынын туура уюштурулушун (өндүрүштүк контролдоону), ушул кызматтардагы кызматкерлердин квалификациялык талаптарга ылайык келишин, ошондой эле алардын ишти бардык жагынан жетишерлик жүргүзүүсүн;

- өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин сакталышы жана коопсуздукту камсыз кылуу жана иштелип чыккан кен казылмаларын көчүп кетүүсүн болтурбоо менен байланышкан коопсуздук мамыларынын бардык түрлөрүнүн параметрлерди белгилөө бөлүгүндө геологиялык чалгындоо, кен казуу жана бургулоо иштеринин бардык түрлөрүнүн туура жүргүзүлүшүн;

- иштелип чыккан кен казылмаларынын жана табигый жер алдындагы боштуктардын чарбалык муктаждыктар үчүн пайдаланылышын;

- иштин түрлөрү боюнча лицензиялардын, уруксаттардын жана макулдашуулардын колдонуу шарттарынын аткарылышын;

- пайдалуу казындылардын кендерин издөө, чалгындоо, геологиялык изилдөө, өнөр жайлык өздөштүрүү стадияларында, ошондой эле минералдык сырьену казып алууда жана кайра иштетүүдө жер казынасынын сарамжалдуу пайдаланылышын жана корголушун;

- геологиялык, кен казуу жана бөлүп берилген жерлердин чектеринде жер казынасынын корголушун;

- жер казынасын геологиялык чалгындоодо жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасынын сарамжалдуу пайдаланылышын жана корголушун;

- пайдалуу казынды кендерин издөөдө, чалгындоодо, иштетүүдө маркшейдерлик жана геологиялык иштерди өткөрүүнүн эрежелеринин сакталышын;

- геологиялык изилдөөлөрдүн баштапкы материалдарынын сакталышын;

- өнөр жайлык баалуулугунун төмөндөшү менен кенди сарамжалдуу эмес жана тандап иштетүүгө, казындылардын минералдык сырьесун кайра иштетүүдө пайдалуу кендерди жана пайдалуу компоненттерди казып алууда ашыкча жоготуулардын пайда болушуна жана ксндердин запастарынын бузулушуна жол бербөөнү;

- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга лицензиялык келишимде, техникалык долбоорлордо, кен казуу иштерин өнүктүрүү пландарында жана жумуштарды аткаруу үчүн башка документтерде камтылган жер казынасын пайдалануу шарттарынын аткарылышын;

- жер казынасында казылып алынган жана тындырылган пайдалуу кендердин запастарына жана аларды казып алуу учурундагы коромжуларды;

- пайдалуу кен чыккан жердин суу каптоодон, суудан, өрттөн жана пайдалуу казындылардын сапатын жана кендин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү кыйындаткан башка факторлордон корголушун;

- жер астындагы, термалдык жана дарылык суулардын азайышын жана булганышын, башка максаттарда пайдаланууну, кийинки эксплуатацияга жарактуу гидрогеологиялык скважиналардын талкаланылышын, бузулушун же коопсуздугун камсыз кылбоону болтурбоону;

- жер казынасына запастарды жайгаштыруунун табигый шарттарына жана пайдалуу кендердин сапаттык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген кен казуу иштери жана минералдык сырьену иштетүү колдонулган минералдык сырьену казып алуунун жана кайра иштетүүнүн технологияларынын сакталышын;

- жер казынасын геологиялык изилдөөдө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө, жер астындагы сууларды чыгарып алууда, пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууда жана эксплуатациялоодо жер участокторун рекультивациялоо үчүн каражаттарды топтоо боюнча талаптардын аткарылышын;

- пайдалуу кен чыккан жерлерди, жер астындагы сууларды иштетүүдө жана геодезиялык жана маркшейдердик белгилерин бузууда гидрогеологиялык, геологиялык жана маркшейдердик камсыздоонун эрежелеринин сакталышын;

- жер казынасын өздөштүрүүдө, запастардын абалын жана кыймылын, коромжуларды жана эсепке алуу эрежеси менен азайтууда эсепке алуунун жана геологиялык-маркшейдердик камсыздоонун эрежелеринин сакталышын;

- чалгындалган жана тындырылган пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттордун аныктыгынын камсыз кылынышын;

- геологиялык, кен казуу техникалык жана технологиялык документтерди жүргүзүүнүн белгиленген эрежелеринин аткарылышын;

- жер казынасын пайдалануучу тарабынан өткөн жыл үчүн отчетторду берүүнүн мөөнөттөрүнүн жана кийинки жылга кен казуу иштерин өнүктүрүүнүн пландарынын сакталышын;

- жер казанасын коргоо, геологиялык-маркшейдердик эсепке алуу, пайдалуу кендердин запастарын тындыруу жана эсептен чыгаруу чөйрөсүндөгү белгиленген эрежелердин жана башка ченемдик актылардын, стандарттардын сакталышын;

- техникалык долбоордо белгиленген ченемден ашыкча казып алууда алтындын жана башка баалуу металлдардын ченемдерден ашыкча коромжу болушун болтурбоого;

- баанын жана өнөр жай технологияларынын ошол деңгээлинде өз алдынча өздөштүрүү чыгашалуу болгон кендин бөлүнүп берилген жерлеринин чегинен тышкары же анын чегинде жеткире иштелбеген участокторду калтырууга жол бербөөнү;

- жер казынасынан пайдалуу кендерди казып алуунун геологиялык жана маркшейдердик эсебинин бурмаланышына жол бербөөнү;

- казып алууда пайдалуу кендердин ченемдерден ашыкча коромжу болушуна жол бербөөнү жана мамлекетке келтирилген экономикалык зыяндын рыноктук баасынын аныкталышын;

- кайра иштетүүдө техникалык долбоордо белгиленген ченемдерден ашыкча технологиялык казып алуунун бузулушуна жол бербөөнү жана жоголгон пайдалуу кендин рыноктук баасынын аныкталышын;

- Кыргыз Республикасынын жер казынасын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте мамлекетке келтирилген зыяндын ордунун толтурулушун жана экономикалык маанисин жоготкон запастардын санына жана баалуулугуна ылайык чыгымдын өлчөмүнүн аныкталышын;

- жалпы мамлекеттик маанидеги объекттер боюнча лицензиялык шарттарда каралган объекттерди ишке киргизүү мөөнөттөрүнүн жер казынасын пайдалануучу тарабынан бузулуусуна жол бербөөгө;

- лицензиянын лицензиялык келишими боюнча лицензиялык аянттын бурчтук чекиттеринин координаттарынын пайдалуу казындылардын кендерин издөөдө, чалгындоодо жана иштетүүдө иш жүзүндө иштерди жүргүзүү жерине ылайык келүүсүнүн тууралыгын жана кен пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга тиешелүү сунуштардын киргизилишин;

- мамлекеттик баланска пайдалуу кендердин запастарын коюуда геологиялык отчеттордун жана мазмуну, абалдардын саны боюнча чалгындоо документтеринин, пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканаларды куруу жана эксплуатациялоо шарттарынын аныктыгын, жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана кендерди иштетүүдө зарыл болгон геологиялык документтердин, дубликаттардын, пайдалуу кендердин үлгүлөрүнүн жана керндердин сакталышын;

- аңчылыктын, аңчылык продукциясын пайдалануунун эрежелери, мөөнөттөрү жана ыкмалары бузулган фактыларынын жана жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирген укукка каршы башка аракеттердин табылышын, аларга бөгөт коюлушун жана болтурбоону;

3) колдоо функциялары:

- кен казуу ишканаларында жана кооптуу өндүрүш объекттеринде авариялардын, кырсыктардын себептерин жана жагдайларын техникалык иликтөөгө катышат жана жүргүзөт;

- кооптуу өндүрүш объекттерин долбоорлоо боюнча жетекчилерди, башкы адистерди, адистерди аттестациялоого катышат жана өткөрөт;

- кооптуу өндүрүштүк объекттерди тейлеген жетекчилердин, адистердин, инженердик-техникалык кызматкерлердин жана персоналдын билимин текшерүүгө катышат жана аны өткөрөт;

- кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу түзүлүштөрдү жана жабдууларды техникалык күбөлөндүрүүдө белгиленген тартипте өткөрөт;

- баалуу металлдардын рудаларынын жана концентраттарынын курамына контролдук талдоолорду жүргүзөт;

- жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн, анын ичинде өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын, жапайы жаныбарлардын олжолорун пайдалангандыгы үчүн, курчап турган чөйрөнү булгагандыгы (чыгаруулар, агындылар, калдыктарды жайгаштыруу) үчүн төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгын текшерет;

- экологиялык ченемдерди жана талаптарды бузуунун кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктайт;

- өнөр жай коопсуздугу жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптары менен аныкталган кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн жана кооптуу өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзөт;

- экологиялык контролдун коомдук инспекторлорунун реестрин жүргүзөт;

- системаны уюштурууга жана коомдук экологиялык контролду жүргүзүүгө тартылган коомдук уюмдардын реестрин жүргүзөт;

- ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте радиациялык коопсуздук жаатында контролду жана көзөмөлдү жүргүзүү маселелери боюнча Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен техникалык кызматташтыкты белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;

- экологиялык, өнөр жайлык, химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга катышат;

- көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу органдар менен оз ара аракеттенет жана аларды зыяндуу заттарды абага чыгарууларды, агызып чыгарууларды, кыртыштын булганышын, радиацияны инструменттик өлчөөлөрдү жүргүзүүгө тартат;

- экологиялык жана техникалык коопсуздукка тиешелүү маселелер боюнча комиссиялардын ишине катышуу үчүн Кызматтын өкүлдөрүн дайындайт;

- кооптуу өндүрүштүк объекттерди, анын ичинде газды эсепке алуу түйүнүн жана техникалык түзүлүштөрдү эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиялардын ишине катышат;

- өндүрүштүк травматизмдин жана кесиптик оорунун абалын жана себептерин талдоого катышат, алардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- тейлеген тармактын чөйрөсүндө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

- мамлекеттик экологиялык ченемге салуу жана контролдоо системасын өркүндөтүү, анын ичинде төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:

экологиялык контролдоо системасында лабораториялык-аналитикалык кызматтарды өнүктүрүү;

жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга жана айлана-чөйрөнү коргоого дем берүүнүн алдыңкы стандарттарын, экономикалык методдорун жана механизмдерин киргизүү;

жаратылыш ресурстарын пайдалануу, айлана-чөйрөнү булгоо, физикалык жана башка зыяндуу таасирлер үчүн акы төлөө ченемдерин өркүндөтүү;

"жашыл технологияларды", таза өндүрүштү киргизүү;

кайрадан иштетилген материалдарды эсепке алууну өркүндөтүү, кайрадан иштетилүүчү сырьену кайра иштетүүнү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, экологиялык ишкердикти өнүктүрүү;

экологиялык маалыматка жетүүнү камсыз кылуу;

коомдук экологиялык контролдоо системасын өнүктүрүү.

5. Кызматтын укуктары жана милдеттери

11. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:

- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формаларына карабастан бардык уюмдарда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;

- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга айлана-чөйрөнү булгоонун жана жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануунун натыйжасында келтирилген зыяндын (дооматтын) ордун толтуруу жөнүндө талаптарды коюуга;

- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан чукул кырдаалдарда (экологиялык жана техногендик мүнөздөгү авария коркунучу же келип чыгышы) себептерин аныктоо максатында сутканын убактысына жана адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жол берилгис таасир этүүчү булактарына карабастан, жазуу жүзүндөгү жолдомону албастан текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө;

- мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга текшерүүдө аныкталган экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын бузууларды четтетүү жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон эскертүүлөрдү (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) киргизүүгө;

- бузуулардын мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;

- берилген ыйгарым укуктардын чегинде укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге айыптарды жана жазанын башка түрлөрүн салууга;

- укук бузууларга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды көзөмөл, сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн белгиленген тартипте эксперттердин жана адистердин ичинен жумушчу топторду түзүүгө;

- зарыл болгон учурда мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар тарабынан колдонулуп жаткан эрежелердин чегинде жабдууларга жана материалдарга контролдук сыноолорду, иш чөйрөсүнө жана айлана-чөйрөгө контролдук талдоолорду, ошондой эле жабдууларды күбөлөндүрүүлөрдү дайындоого;

- өндүрүштүн, объекттердин жана иштин коопсуздугуна байланышкан текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук институттары менен макулдашуу боюнча алардын адистерин тартууга;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды, экологиялык жана техникалык коопсуздуктун абалы жөнүндө, өндүрүштүк травматизмдин себептери жөнүндө маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;

- мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензиялардын, уруксатты (күбөлүктүн) колдонуу шарттары аткарылбаган же болбосо экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптарын одоно бузуулар аныкталган учурларда, эгерде бул кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбесе, уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу же аларды чакыртып алуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

- биологиялык түрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле жеке сектордогу жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларга, браконьерликке жана башка бузууларга өз убагында бөгөт коюу боюнча ыкчам рейддерди жүргүзүүгө;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууга жол берген документтерди, куралдарды (буюмдарды), транспорт каражаттарын, мыйзамсыз алынган жаратылыш объекттерин, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин текшерүүгө, кармоого жана алып коюуга;

- мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан жана бирикмелерден, ошондой эле жеке жактардан кармалган, алынган же конфискацияланган, мыйзамсыз алынган объекттерди же жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн (анын ичинде токой, аңчылык жана башка) продукциясын, ошондой эле алардан алынган буюмдарды сактоо, ташуу жана андан ары сатуу үчүн алууга;

- министрликтердин, административдик ведомстволордун, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилерине ведомстволук объекттерде айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгарууларды (агызылышын) контролдоо пункттарын (постторун) (көчмө) түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- төмөнкүлөрдү токтото турууга же тыюу салууга:

адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптары бузулган учурда юридикалык жана жеке жактардын объекттерин (жумуштарын), айрым өндүрүштүк бөлүмдөрдү жана жабдууларды эксплуатациялоону;

кооптуу өндүрүш объекттин куруу, реконструкциялоо, кеңейтүү, техникалык кайра жабдуу жана эксплуатациялоо жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу менен жүргүзүлүүчү башка иштерди;

экологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүргүзүлүүчү экологиялык жактан кооптуу жүктөрдү (буюмдарды), сырьелук ресурстарды ташып келүүгө, ошондой эле транзитке (мындан ары ташуу), Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган экологиялык, өнөр жай коопсуздугу жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү продукцияны, заттарды жана материалдарды өндүрүү жана пайдалануу, аларды колдонуу жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына же бузулушуна алып келсе, адамдардын жана жаныбарлардын саламаттыгына зыян келтирсе;

илимий уюмдар жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча республиканын аймагында байырлаган (өсүп келе жаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтирүүчү же адамдардын ден соолугуна залал келтире турган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүнү, алып чыгууну, чыгарууну, жайгаштырууну жана климатташтырууну;

- чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төмөндөгүлөр үчүн төлөмдүн суммаларын эсептөөнүн тууралыгын текшерүүгө:

жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш ресурстарын пайдалануусу, чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарлардын олжолору, булгоочу заттардын чыгарылышы, агызылышы;

калдыктарды айлана-чөйрөгө иш жүзүндөгү жана ченемдик-уруксат берүүчү документтерге ылайык жайгаштыруу;

- юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доо-арыздарды берүүгө;

- айлана-чөйрөнү бузуунун жана браконьерликтин фактылары аныкталган учурда айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн өндүрүлгөн доолордун суммасынан сыйлык катары алууга;

- уюмдардын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды экологиялык жана техникалык коопсуздукту бузуулар боюнча түшүндүрүүлөр үчүн чакырууга;

- экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптарын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине сунуштарды киргизүүгө;

- Кызматтын кызматкерлерин жана экологиялык контролдун коомдук инспекторлорун окутуу, кайра даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан өткөрүүгө;

- айырмалоо белгилери бар бекитилген үлгүдөгү формалык кийимди кийип жүрүүгө, ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга;

- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча коомдук (штаттан тышкаркы) инспекторлордун тармагын түзүүгө;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга жана эл аралык уюмдарда катышуучу (мүчө) катары чыгууга;

- Министрликке төмөнкүлөрдү сунуштоого:

экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатындагы контролдук-көзөмөлдүк ишти өркүндөтүүнү;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилеринин экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча отчетторун угууну;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарууну.

12. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ишин жүргүзүүгө милдеттүү.

13. Кызматтын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ.

6. Кызматтын ишин уюштуруу

14. Экологиялык, өнөр жай коопсуздугу, тоо-кен иштеринин коопсуздугу жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы көзөмөл жана контроль боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору (мындан ары - директор) саналат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Кызматты министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт;

Директордун орун басарлары кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча башкы мамлекеттик инспекторунун орун басарлары болуп саналат.

Кызматтын директорунун эки орун басары болот, алар Кызматтын директорунун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басарлары түздөн-түз Кызматтын директоруна баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Кызматтын ишин уюштурушат. Кызматтын директору жок болгон учурда анын функцияларын убактылуу алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү буйрукка ылайык директордун орун басары аткарат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Кызматтын директорунун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, алардын кызматтык милдеттери Министрликтин буйругу менен бекитилет.

Кызмат түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдөн турат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Министрлик Кызматтын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кызматтын эмгек акы төлөө фондунун белгиленген ченемдеринин жана кызматкерлеринин штаттык санынын чегинде бекитет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Кызматтын директору:

- жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарга кол коёт, Кызматтын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кызматтын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;

- мыйзамда белгиленген тартипте Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин, ошондой эле Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, материалдык жардам көрсөтүү, сыйлоо, үстөк жана сыйакылар, мамлекеттик жана башка сыйлыктарга сунуштоо, тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелерин белгиленген тартипте чечет;

- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрөт жана Кызматтагы коррупциялык тобокелдиктердин деңгээлинин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кызматтын жана анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;

- зарыл болгон учурда даттануулар жапа кайрылуулар боюнча ыкчам чара көрүү үчүн комиссия түзөт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Кызматтын атынан чыгат;

- анын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

19. Кызматтын кызмат адамдары жазма буйрук бланктарын жана эскертүүлөрдүн бекитилген бланктарын отчеттуулук формаларын колдонушат.

Кызматтын кызмат адамдарында бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүк, ошондой эле жеке номери бар мөөрү болот.

Кызматтын кызмат адамдары Министрлик тарабынан белгиленген тартипте бекитилген так отчеттуулук бланктарын колдонушат.

20. Кызматтын органдарынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

7. Кызматтын мүлкү жана финансы

21. Кызмат оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттик мүлккө, ошондой эле өз ишинин натыйжасында ээ болгон мүлккө (акчалай кирешелерди кошкондо) жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактарга ээ. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратпайт же башка ыкма менен тескебейт.

22. Кызматтын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

23. Кызмат республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан каржыланат.

8. Жоопкерчилик

24. Кызматтын кызмат адамдары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда тартиптик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

25. Кызматтын кызматкерлеринин аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

9. Корутунду жоболор

26. Кызмат өз ишинде Министрликке отчет берет.

27. Кызматтын ишин кайра уюштуруу жана жоюу, жоюлган же кайра уюшулган учурда мүлктү бөлүштүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

28. Кызматтын иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.

#

ДИРЕКТОР СЛУЖБЫ ЭКОЛОГИЧЕСКОГО И ТЕХНИЧЕСКОГО НАДЗОРА

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович

#

Заместитель директора Службы экологического и технического надзора

Султангазиев Бекжан Алманбетович

icon

Перечень нормативно правовых актов СЭТН

390.58 KB