«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» Долбоору төмөнкү кызмат ордуна конкурс жарыялайт: Социалдык коопсуздук боюнча адис
22-июнь 2026, 14:46
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору
Төмөнкү кызмат ордуна конкурс жарыялайт:
Социалдык коопсуздук боюнча адис
Иш тартиби: толук жумуш күнү
Квалификациялык талаптар:
- Социалдык же ага байланыштуу тармактар боюнча жогорку билим же ага теңдеш квалификация;
- Эл аралык уюмдарда же долбоорлордо экологиялык жана социалдык башкаруу боюнча ар кандай секторлордо кеминде 5 жылдык кесиптик иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мыйзамдарын, ошондой эле Дүйнөлүк банктын Экологиялык жана социалдык стандарттарынын (ESS) талаптарын билүү;
- Курулуш объектилеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасын баалоо жана башкаруу жаатындагы иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат;
- Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү; англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Microsoft Office жана MS Project программалары менен иштөө көндүмдөрү.
Толук техникалык тапшырма менен №1 Тиркемеден таанышууга болот.
Талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
- кыргыз/орус жана англис тилдериндеги резюме (CV);
- коштомо кат;
- сунуш каттар;
- дипломдордун көчүрмөлөрү;
- квалификацияны тастыктоочу сертификаттардын көчүрмөлөрү.
Документтердин толук топтому 2026-жылдын 6-июлу саат 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, 118-кабинет, 1-кабат же кызмат ордун көрсөтүү менен төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүлүшү мүмкүн: aqip.procur@gmail.com , seidanasn@gmail.com
ТЗ тиркемеде.