Кыргыз геология кызматы

Чүй өрөөнү

Кыргыз геология кызматынын расмий сайты

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.

3. Кызмат Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштөөчү, геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

4. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Кызмат юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, алыш-бериш, агайын жана башка эсептери бар.

Уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.

6. Кызмат өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.

7. Кызмат бюджеттик каражаттардын, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.

8. Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.

9. Кызматтын толук расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы";

- расмий тилде: "Кыргызская геологическая служба Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".

Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.

Кызматтын кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "КГК";

- расмий тилде: "КГС".

10. Кызмат жана анын ведомстволук ишканалары жана мекемеси пайдалуу кендердин запастарын кеңейтүүнү жана толуктоону, аларды казып алууну жана кайра иштетүүнү кошкондо жер казынасын натыйжалуу пайдалануунун бирдиктүү системасын камсыз кылат. Жер казынасын изилдөө боюнча изилдөөчүлүк жана методикалык иштерди аткаруу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.


2. Кызматтын ишинин максаттары

11. Кызматтын ишинин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу.


3. Кызматтын милдеттери

12. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- жер казынасын системалуу комплекстүү геологиялык изилдөө;

- жер казынасын пайдалануу маселелерин мамлекеттик жөнгө салуу жана жер казынасынын мамлекеттик фондун башкаруу системасын өркүндөтүү;

- пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жана иштетүүдө жер казынасын коргоо;

- топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүүдө бирдиктүү техникалык саясатты ишке ашыруу, иштин белгиленген чөйрөсүндө картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүүдө илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаны киргизүү;

- кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.


4. Кызматтын функциялары

13. Кызмат төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) тармактык саясатты ишке ашыруу функцияларын:

- геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана кен казуу өнөр жайына түздөн-түз чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды тартат;

- геологияны жана жер казынасын пайдаланууну натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук актыларды, стратегияларды, программаларды, пландарды, келишимдерди иштеп чыгууга сунуштарды киргизет жана катышат, алардын аткарылышын контролдойт;

- минералдык-сырьелук базаны пайдалануу, андан ары кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу стратегиясын, бул максаттар үчүн материалдык-техникалык жана финансылык ресурстардын зарыл болгон көлөмдөрүн ишке ашырат;

- пайдалуу кендердин дүйнөлүк рыногунун конъюнктурасын изилдейт жана экспорттун жана минералдык сырьену ички керектөөнүн түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда Кызматтын компетенциясына байланышкан маселелер боюнча мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн жүзөгө ашырат;

- жер казынасын изилдөө жана минералдык-сырьелук ресурстарды өздөштүрүү боюнча мамлекеттер аралык программаларды жана эл аралык келишимдерди түзүүгө жана ишке ашырууга катышат;

- жаңы пайдалуу кен чыккан жерлерди аныктоо жана божомолдоо жана илимий-колдонмо маанидеги маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагын геологиялык изилдөөнү системалуу жүргүзүүнү иштеп чыгат жана камсыз кылат;

- гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген иштерди жүргүзүү, жер астындагы тузсуз жана термалдык-минералдык суулардын режимин жана абалын, калкка жана өндүрүштүк-социалдык комплекстерге коркунуч жараткан кооптуу экзогендик геологиялык процесстердин динамикасын изилдөө аркылуу суу чарбасы менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечет;

- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- согуш убагындагы шарттарда экономиканын, калктын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын камсыздоо үчүн минералдык сырьенун жана жер астындагы суу булактарынын запастарын болжолдойт;

- чет өлкөлүк донорлордун финансы-техникалык колдоосу менен ишке ашырылуучу конвенциялар, долбоорлор, программалар боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди аткарат;

- жер казынасын изилдөө жана пайдалануу, тоо кен өнөр жай комплексинин ишканаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;

- кен өндүрүшү жана геология чөйрөлөрүндө жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт;

2) жөнгө салуу функцияларын:

- геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берет, мөөнөтүн узартат, токтото турат жана кайра сурап алат, лицензиялык макулдашуулардын шарттарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

- товарларды импорттоого жана экспорттоого эксперттик техникалык корутундуларды, рудаларды, концентраттарды, баалуу металлдарды импорттоого (экспорттоого) эксперттик корутундуларды берет;

- пайдалуу кен чыккан жерлердин экономикалык баалуулугу бүткөн жана жоголгон запастарын белгиленген тартипте эсептен чыгарат;

- жер казынасын коргоо бөлүгүндө тоо-кен, геологиялык-издөө жана чалгындоо иштеринин долбоорлоруна, анын ичинде кен казуу тармагынын объекттерин консервациялоо жана жоюу долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;

- жер казынасын коргоо бөлүгүндө тоо-кен, геологиялык-издөө жана чалгындоо иштерин өнүктүрүүнүн жылдык отчетторун жана программаларын (пландарын), анын ичинде кен казуу тармагынын объекттерин консервациялоо жана жоюу долбоорлорун белгиленген тартипте макулдашат;

- жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдардын эсептерин жүргүзөт;

3) координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функцияларын:

- мамлекеттик заказ боюнча жер казынасын геологиялык изилдөө программаларын каржылоону Министрлик менен макулдашуу боюнча координациялайт;

- кен казуу тармактарынын ачык-айкындуулугу демилгесин ишке ашырууну координациялоону камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык изилденишине, пайдалуу кендерди казуу жана кайра иштетүү боюнча ишканалардын минералдык сырьенун запастары менен камсыз болушуна мониторинг жүргүзөт;

- жер казынасын андан ары изилдөөдө, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоодо жана иштетүүдө, ошондой эле жер казынасын пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган максаттарда пайдаланууда колдонулушу мүмкүн болгон геологиялык жана техникалык документтердин, рудалардын жана тоо тектеринин, кернанын үлгүлөрүнүн, пайдалуу кендердин сынамдарынын дубликаттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;

- жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштарды аткарууга бекитилген техникалык долбоорлордун жана башка документтердин болушун текшерет;

- пайдалуу кендердин запастарынын абалы жана өзгөрүшү жөнүндө геологиялык жана башка баштапкы документтердин мазмунунун аныктыгын текшерет;

- геологиялык маалымат фонддоруна жер казынасы жөнүндө мамлекеттик отчетторду, ошондой эле геологиялык жана башка маалыматтарды берүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын текшерет;

- жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилүүчү материалдардын негиздүүлүгүн жана пайдалуу кендердин запастарын мамлекеттик баланска коюунун жана аларды мамлекеттик баланстан эсептен чыгаруунун аныктыгын текшерет;

- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет;

- жер казынасынын мамлекеттик фондун түзөт, пайдалуу кен чыккан жерлерди эсепке алат, алардын кыймылына жана өзгөрүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү менен пайдалуу кендердин запастарынын мамлекеттик балансын жүргүзөт, кен чыккан жерлердин жана пайдалуу кендердин көрүнүштөрүнүн кадастрларын түзөт;

- "Жер астындагы суулар" бөлүмү боюнча мамлекеттик кадастрды жүргүзөт;

- жер казынасынын булганышына жол бербөө максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте зыяндуу заттарды, өндүрүштүн калдыктарын көмүү мүмкүндүгүн жана шарттарын аныктоого катышат;

- жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдардын туура эсептелишин, толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдойт;

4) кызмат көрсөтүү функцияларын:

- жеке жана юридикалык жактарга Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык түзүлүшүнүн ар кандай маселелери боюнча минералдык-сырье базасы жана пайдалуу кен чыккан жерлер жөнүндө маалыматтарды берет;

- ар кандай курулмаларды куруу болжолдонгон аянттарда пайдалуу кен чыккан жерлер бар же жок экендиги жөнүндө корутунду берет;

- аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынан тышкары ташылып чыгуучу рудалардын жана тоо тектеринин үлгүлөрүнүн, концентраттардын, өндүрүштүк калдыктардын жана лабораториялык сынамдардын пайда болушу жөнүндө корутунду берет;

- коллекциялык материал катары Кыргыз Республикасынан тышкары ташылып чыгуучу тоо тектеринин жана рудалардын үлгүлөрүнүн пайда болушу жөнүндө корутунду берет;

5) колдоо функцияларын:

- Министрлик менен макулдашуу боюнча жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалануу чөйрөсүндө эл аралык жана ата мекендик уюмдар менен кызматташат жана өз ара аракеттенет;

- геологиялык тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт;

- Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин уюштурат;

- геологиялык маалымат фонддорунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштөөсүн камсыз кылат, Мамлекеттик геологиялык фондго берилүүгө тийиш болгон геологиялык жана башка маалыматтардын формасын жана мазмунун аныктайт;

- Кызматтын бардык деңгээлдеринде кадрдык ресурстарды башкаруу системасын, анын ичинде окутуу жана кайра даярдоо системасын түзөт жана практикага киргизет;

- иши кооптуу өндүрүш объекттери менен байланышкан менчиктин бардык түрүндөгү уюмдар үчүн инженердик-техникалык кызматкерлерди жана негизги кесиптердин жумушчуларын даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтөт;

- улуттук жана эл аралык илимий-техникалык мекемелер жана уюмдар менен байланыштарды түзөт жана биргелешкен изилдөө ишин жүргүзөт, Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын компетенциясынын алкагында кызматташтык жөнүндө зарыл болгон макулдашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коёт;

- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык маалыматтык системалардын алкагында маалымат алмашууга көмөк көрсөтөт;

- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт;

- Кызматтын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча маалыматтык-маалымдама жана башка адабияттарды даярдоону жана басып чыгарууну уюштурат;

- Кызматтын ишинин чөйрөсүнө тиешелүү улуттук стандарттарга, эл аралык (региондук) стандарттарга, ошондой эле техникалык регламенттерге экспертиза жүргүзүү боюнча комиссиялардын (топтордун) ишине катышат;

- жер казынасын пайдалануу жана коргоо боюнча республиканын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгууга катышат;

- геология боюнча долбоордук-издөө жана илимий-изилдөө иштерин уюштурат жана башкарууну жүзөгө ашырат;

- тармактык илимдерди жайылтууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;

- мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды жүргүзөт.


5. Кызматтын укуктары жана милдеттенмелери

14. Кызмат өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:

- менчигинин түрүнө карабастан кен казуу өнөр жайынын жана геологиялык тармактын ишканаларынын ар айлык, кварталдык жана жылдык өндүрүштүк-чарбалык иши жөнүндө маалыматты суроого;

- контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жер казынасын пайдалануучуларды текшерүү материалдарын (жыйынтыктарын) алууга;

- мамлекеттик органдардан, ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан Кызматтын функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалануу маселелери боюнча материалдарды, сунуштарды жана корутундуларды суроого;

- баш ийүүсү боюнча уюмдардын өндүрүштүк-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду угууга жана алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча ведомстволук уюмдар үчүн баа түзүү, долбоордук-издөө, долбоордук-конструктордук жана башка иштер, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин каржылоо боюнча актыларды бекитүүгө;

- негизги фонддордон, жүгүртүлүүчү каражаттардан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансылык ресурстардан турган, Кызматка бекитип берилген мүлктү пайдаланууга жана тескөөгө;

- Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин ишканалары, уюмдары менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;

- Кызматка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен ар кандай ассоциацияларга кирүүгө;

- чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кызматтын адистери үчүн квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууну, тренингдерди өткөрүүнү, тажрыйба алмашууну камсыз кылууга;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана учурларда эл аралык уюмдардын тиешелүү органдарында Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга, колдонуудагы жарандык мыйзамдардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды көрүүгө, ошондой эле эл аралык кызматташуу боюнча иш- чараларды жүргүзүүгө;

- мамлекеттик заказдарды эске алуу менен Кызматтын бюджетин түзүүгө катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;

- жер казынасын пайдалануучулардан изилдөө жана пайдалануу жөнүндө, анын ичинде бүткөн запастардын кыймылы, жер казынасынан пайдалуу кендерди жана минералдык сырьену кайра иштетүүдө пайдалуу компоненттерди алуу, товардык продукцияны өндүрүү жана сатуу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн салыктардын төлөнгөнү жөнүндө маалыматтарды алууга;

- Кызматтын ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;

- тейлеген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү органдарды, фонддорду, анын ичинде ведомстволор аралык фонддорду түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.

15. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.

16. Кызматтын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ.


6. Кызматтын ишин уюштуруу

17. Кызматты Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу, министрдин орун басары болуп эсептелген директор башкарат.

Директор Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана тейлеген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышына жеке жоопкерчилик тартат.

18. Кызматтын директорунун эки орун басары болот, алар директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Кызматтын директорунун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Кызматтын ишин уюштурат. Кызматтын директору жок учурда анын функцияларын тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.

19. Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, алардын кызматтык милдеттери Министрликтин буйругу менен бекитилет.

20. Директор:

- Кызматтын жана анын ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчилик кылат;

- Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Кызматтын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге кол коёт;

- Кызматтын ишин уюштуруу боюнча буйруктарды чыгарат;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

- Кызматтын системасынын кызматкерлерине жана жумушчуларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоонун жана тартиптик жазалардын түрлөрүн колдонот;

- Кызматтын бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы фондунун чегинде чыгымдар сметасын жана штаттык расписаниесин Министрликке бекитүүгө берет;

- Кызматтын атынан белгиленген тартипте Кызматтын атынан чыгууга ишеним кат берет;

- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдерди/бүтүмдөрдү түзөт;

- Кызматтын жана Кызматтын карамагында турган түзүмдөрдүн кызматкерлерин, белгиленген чөйрөдө иш жүргүзгөн башка адамдарды ардак наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;

- Кызматтын ведомстволук түзүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;

- эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, ведомстволук түзүмдөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;

- кызмат орду боюнча Кызматтын жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат;

- Кызматтын системасынын кызмат адамдарынын алардын оперативдүү, уюштуруучулук-штаттык, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Кызматтын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүүсү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;

- банктардагы алыш-бериш эсептериндеги, атайын жана башка эсептердеги Кызматтын акча каражаттарын тескейт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

21. Кызматтын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган болгон, коомдук башталыштарда иштеген коомдук кеңеш түзүлөт.


7. Кызматтын эсеп жүргүзүүсү жана отчеттуулугу

22. Кызматтын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

23. Кызматтын финансы-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.


8. Жоопкерчилик

24. Кызматтын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган, укукка каршы аракеттерди жасагандыгы (аракетсиздиктери) үчүн тартиптик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

25. Кызматтын кызматкерлеринин аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.


9. Корутунду жоболор

26. Кызмат өз ишинде Министрликке отчет берет.

27. Кызматтын чыгымдары каржылоо республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

28. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

29. Кызмат кайра уюштурулган жана жоюлган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

#

Кыргыз геология кызматынын директору

Сатыбалдиев Нарынбек Мадыярович

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрдин орун басары

  • Кабыл алуу күндөрү: Дүйшөмбү-Жума
  • Кабыл алуу дареги: бульвар Эркиндик 2, ​Первомай району, Бишкек​ 720040
  • Кабыл алуу убактысы: 9:00-18:00
icon

Гео Служба Токтом №366 24 июль 2023 жыл

7.14 MB

icon

Положение КГС

24.51 KB

icon

КГК положение

132.99 KB